Рысбай Исаков: «Бири-бирибизди кечирише турган жердебиз»
- 8 месяцев мурун
- Видео
Манасчылардын арасындагы чыр боюнча манасчы Рысбай Исаков Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, эл-журттан кечирим сурап, Манас дүйнөсүнө сөз тийгизбей, манасчы Асаналы Калил уулу экөө кечирише турган жерде экенин, жеке маселе уу-дууга айланып кеткенин айтты.
-Кадырман калк үч күндөн бери Асанаалы экөөбүздүн ортобуздагы маселе жалпы уу-дууга айланып кетти. Бул Асанаалы экөөбүздүн ортобуздагы жеке маселе болчу. Асанаалы, ошол учурдагы кырдаалды эске алып көрөлү. Сен менин ачуума тийдиң, мен балким сенин ачууңду келтирдим. Ушул нерсени өзүбүзчө чечип алалы деп үч күндөн бери артыңдан жолуга албай жүрөбүз. Жеке мен өзүм эмес, анын башында Назаркул Сейдракманов өзү баш болуп жүрөбүз. Эл, жалпы журттан дагы бир жолу кечирим сурайм. Жеке маселени жалпы уу-дууга алдырып, «Манас» дүйнөсүнө сөз тийгизип алгандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Асанаалы жеке маселени жеке чечели. Манас дүйнөсүнө, Манас ааламына, «Манас» театрына сөз тийгизбейли. Экөөбүз бири-бирибизди кечирише турган жердебиз. Кел, кечирим сурашалы» деди Рысбай Исаков.
2025-жылдын 9-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Чырды иликтөө учурунда “Манас” улуттук театрынын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу бошотулду.
10-декабрда айтылып жаткан чырда токмок жеген манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы «Жаратман манасчы» сынагына байланыштуу чыкканын айткан.
“Жаратман манасчы” сынагы 18-22-октябрда “Манас” театрында өткөн. Ага манасчылар Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанаалы Калил уулу катышкан. Катышуучулар 10 саат «Манас» айтып, 15 миң ыр сабынан турган жеке вариантын жазышкан. Сынактын жеңүүчүлөрү 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү Улуттук филармонияда белгиленгенде белгилүү болгон, Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиев баш байге, 2 млн сомдон берилген. Кулмат Сыдыков 300 миң, Асанаалы Калил уулу 200 миң сомдон сыйлыкка татыктуу болгон.
Сүрөттө: Рысбай Исаков. Интернет булактарынан




