Бүбүкан Досалиеванын китептеринин бет ачары өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-ноябрда, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиеванын “Эфирде мезгил тарыхы» , “Энелер жөнүндө баллада” аттуу китептеринин бет ачары өттү.

“Эфирде мезгил тарыхы” аттуу китепти Бүбүкан Досалиева өзү даярдаган, эми ал китеп көзү өткөн соң жарыкка чыкты. “Энелер жөнүндө баллада” 2014-жылы жарыкка чыккан, ал кайрадан жарык көрдү.  Ал китеби кесиптештеринин, замандаштарынын эскерүүлөрү менен толукталды.  Аталган китептердин бет ачарына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бүбүкан Досалиеванын кесиптештери, замандаштары катышты.

Дарттын айынан жашоо менен эрте коштошкон жаркын талант Бүбүкан Досалиеванын ар тараптуу жана бай өмүр жолу, адамдык аруу сапаттары эскерилди.

Бүбүкан Досалиева 2020-жылы 5-июлда 62 жашка караган курагында COVID -19 инфекциясынынан улам дүйнө салган..

Бүбүкан Досалиева аттын кашкасындай таанымал журналист, окумуштуу, окутуучу, саясат таануучу болчу. Анын жылаажын үнү теле-радиодон жаңырып турчу. КТРК,”Сары Өзөн Чүй” телеканалдарында алып баруучу, журналист, Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу да болуп иштеген. “Азаттык”медиа мекемесиде 1995––2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн акырына чейин “ кабарчы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты