Ош шаарынын тез татым ашканасында кор болгон шедевр китептер

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда дубалга кыштай кыналган китептер тууралуу жазып жатышат. Айтымында, мындай көрүнүштү Ош шаарынын «Мерилин» тез татым ашканасынан көрүшкөн. Анда китепти кадимкидей эле дубалга кынап, кыш катары пайдаланышкан.

Бул тууралуу акын жана жазуучу Зинакан Пасанова фейсбук баракчасына мындайча жазды:

«Шумдук! Классиктер тез татым ашканага дубал болуптур.
Чынгыз Айтматовдун 6 китеби, К.Жантөшовдун 2 «Каныбек» романы, Түгөлбай Сыдыкбековдун китеби жана башка дүйнөлүк шедеврлер Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү (Араванский) «Мерилин» тез татым ашканасына дубал болуптур!
Китепти кордогон бул кандай «маңкурттук»!» деп жазды Зинакан Пасанова.

Сүрөт: Зинакан Пасанова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты