Кытайдын Geely Group электр автобустары көрсөтүлдү

  • 1 месяц мурун

Бишкекте №2 ДЕПО аймагында кытайлык Geely Group компаниясынын заманбап электр автобустарынын презентациясы 26-апрелде өттү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чарага борбор шаардын мэри Абек Жунушалиев да катышты.

Бул  узундугу 8,5 метрден бир аз ашкан, шаар ичинде колдонууга ыңгайлуу чакан электробус.

Автобус 100–200 кВт кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы жана 170 кВт/саат көлөмүндөгү батарея менен жабдылган. Бул анын кеминде 250 км жүрүүсүн камсыздайт. Geely 88ден ашык өлкөдө иштейт жана 700дөн ашык тейлөө борборуна ээ.

Сунуштан кийин тиешелүү кызматтарга көрсөтүлгөн транспортту жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кылдат изилдөө тапшырылды. Акыркы чечимдер транспорттун натыйжалуулугун комплекстүү талдоо жана баалоодон кийин кабыл алынары айтылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты