Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева мезгилсиз көз жумду

  • 4 года мурун

5-июлда 62 жашка караган курагында белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева көз жумганын ал иштеген “Азаттык” радиосу кабарлады.

Бүбүкан Досалиева COVID -19 инфекциясынынан улам дүйнө салганы кабарланды.

Бүбүкан Досалиева аттын кашкасындай таанымал журналист, окумуштуу, окутуучу, саясат таануучу болчу. Анын жылаажын үнү теле-радиодон жаңырып турчу. КТРК,”Сары Өзөн Чүй” телеканалдарында алып баруучу, журналист, Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу да болуп иштеген. “Азаттык”медиа мекемеси кабарлагандай, 1995––2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн акырына чейин “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган. Ал эл аралык Айтматовдук коомдук академиянын журналистика боюнча академиги болгон.

“ПолитКлиника” медиасынын жамааты Бүбүкан Досалиеванын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакындарына «Азаттык» радиосундагы кесиптештерге, дос-жолдошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты