Таабалды Эгембердиевдин эки китеби жарыкка чыкты

Кыргыз демократиясынын туу башында турган, публицист, ишмер, кыргызды дүйнөгө таанытып жаткан компаниялардын негиздөөчүсү, ишкер Таабалды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган “Көчмөн жаратман” жана “Оо, дарегим! Оо, карегим!” аттуу эки китеби жарыкка чыкты.

“Көчмөн жаратман”  аттуу китепте үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын, манасчы, акындардын эскерүүлөрү, арноолор, жалпыга маалымдоо каражаттарында берген интервью, баяндары камтылган.     

“Оо дарегим! Оо, карегим!” аттуу китебинде Таабалды Эгембердиевдин өмүрлөшү Жаңылсынзат жан сырын мындайча баян кылат:

“Сүйбө дешти… Сүйдүм. Балкып сүйдүм.

Теңиң эмес дешти… Картаң дешти… Теңим болдуңуз, жан шеригим, жан түгөйүм болдуңуз.
Жүрөгүңүз сөз менен айтып жеткиргис жаш, таза болду.

Сиз мага жетилген, бийик аң-сезимдеги сүйүү тартууладыңыз.

Келечеги жок дешти. Экөөбүздүн аруу сезим, ак сүйүүбүздөн тарыхта кала турган табериктер жаралды.

Асылым ТАБЫКЕМ, сиз менин жүрөгүмдүн эч ким кире алгыс ыйык жеринде түбөлүккө орун алгансыз.

Улуу сүйүүнүн ээси Кудайга жакын экинчи өмүрүңүздү  улантып жатканыңызга ишенем… Себеби жайнаган көзүңүздү көрбөсөм да, экөөбүздү көрүнбөгөн кандайдыр бир күч байланыштырып турарын сезем. Мен сизге ыраазымын.

Өмүрлөшүңүз Жаңылсынзат”

Аталган китепте Таабалды Эгембердиевдин күндөлүгү, макала, макала публицистикасы токтолгон.

Китепте ошондой эле “ПолитКлиника” басылмасында жарыкка чыккан журналист Айгүл Бакееванын котормосундагы Таабалды Эгембердиевди күндөлүктөрү да жарыяланган.

Анда, китепте жарыкка чыккаг Таабалды Эгембердиевдин күндөлүгүнөн өзүндө келтире кетели.  

Мен киммин: Нааданмынбы же келесоо кылкечминби?

“ПолитКлиника” №19, 26.05 2016

Кыргызстанга демократияны алып келгендердин бири, көрүнүктүү публицист, кийин чоң ишкер, кыргыздын атын кыйырга даңазалаган Таабалды Эгембердиевдин окурмандарга сунушталган күндөлүгүнүн бул жазуулары улуу инсандын 90- жылдардын башында жан дүйнөсү кечирген сарсанаасын, өз жолун издеп табууга жасаган далалатын так айтып турат. Анын кийинки жолу, өмүр таржымалы кандай болгонун биз, кыргызстандыктар, жакшы билебиз.

Таабалды Эгембердиевдин бидин колубузга тийген күндөлүгү анчалык көлөмдүү эмес болсо да, ал демократиянын желаргысы кантип келгенин, инсандын ой-толгоолорун, турмуш чындыгын таасын чагылдырып турат.

“3-май, 1989-жыл.  Азыркы учурда кереги жок болуп турган кар көчөдөгү жашыл теребелди аппак кылып, каптап эле жатып калды. Теребел жашылданып, көрк алып келатканда жаман болбодубу, алардын баары эми өлүп калды окшойт. Аба ырайы адамды туталантып турат. Жан дүйнөңдө деле ушундай абал. Мен өзүм деле аба-ырайындай кубула, өзгөрүлө берем. Бирде жаркылдап тийген күнгө окшоп ишенимдүү боло түшөм, бирде мунарыктап, өзүмө өзүм ишене албай, күмөн санайм.

Өзүм үчүн күтүүсүз, бирок качандыр бир кезде сөз жок боло турган нерсеге туш болдум. Бул – жан дүйнөнүн жана материалдык дүйнөнүн кризиси. Бүгүн – майрам. Дени-карды соо адамдардын баары каалагандай майрамдап жүрүшөт. Мен болсо камактагы кишиге окшоп, үйдө үргүлөп олтурам. Башымда эчтеке жок, жан-дүйнөм жабыркап, келечегим бүдөмүк тартат. Деги мен киммин: нааданмынбы же келесоо кыялкечминби? Же өзүн бир укмуш нерсе жарата турган адамдын ордуна коюп алган келесоомунбу? Чын эле жинди, келесоомунбу? Жарык жолду кантип табам? Ал үчүн эмне кылуу керек?

Адабиятты, философияны, саясатты жылас алсынчы! Эл сыяктуу эле жашап, карьера жасаш керек. Өзүңдү кор кылып, башкаларды кор кармап, куйтуланып… алдап акча жасаш керекпи? Айтмакчы, азыр акчаны чынчыл жол менен табуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Бирок андай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланам десең, анда китептен такыр эле кол үзүш керек. Мен болсо китептен баш-отум менен кете аламбы? Китеп мени кое береби? Кантсе да, бир нерсеге көзүм жетти. Бир нерсени керектөө жана бир нерсени жаратуу деген эки башка нерсе экен. Айырмасы – асман менен жердей. Мен болсо жан дүйнөнүн керектөөчүсү экенмин. Өзүмдүн муктаждыгыма жараша.

Ал эми кандайдыр бир нерсени жаратуу бул таптакыр башка. Муну Жараткан өзү тартуу кылат. Менин жан дүйнөм азык издеп, жабыркап, бир нерсени эңсеп турат. Бул кадыресе эле табигый зарылдык.  Канча бир жаратман эмгектерди жаратып тургум келет.

Деги эле түркүн жагдайларда башыма ар түркүн ойлор келет, бирок аларды учурунда жазып калтырууга, бир калыпка келтирүүгө мойнум жар бербей, кээде дарманым келбей калат. Болбоду дегенде, либерал окшобоймунбу. Кайсы бир ишти талкуулап, сүйлөшкөндү жактырам. Бирок аларды иш жүзүнө ашырууга келгенде эле карайлап калмайым бар. Эгер менин акыл-көрөңгөм же жөндөмүм эч нерсеге жараксыз, мөмөсүз экенине көзүм жетсе, анда мен чексиз бактылуу болор элем. Бирок мына эми коомго жана өзүмө пайдасы тийгидей бир укмуш нерсени жаратып ко йчудай эле үмүттөнө бергеним жаман… “

Бул Таабалды Эгембердиевдин “Оо дарегим! Оо, карегим!” аттуу китебинен үзүндү болду.   

Даярдаган Айгүл Бакеева           

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты