Дастан Бекешев мектеп, бала бакчаларга жардам берген ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштады

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептер 12 жылдык билим берүүгө даяр болбой туруп, бул системага өтүп кеткенин билдирди.

Мектептердерде мугалимдер, окуу китептери, инфраструктура жетишсиз, 12 жылдык билим берүүгө даяр эместигин билдирди. Буга чейин агартуу министрлиги мектептер 12 жылдык билим берүүгө даяр экендигин айтып келген.

Дастан Бекешев мектептерге, балдар бакчаларына жардам берем деген ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштады.

«Эң биринчи сунуш: мектептерге жардам берейин деген ишкерлерди салыктан бошотолу, Экинчи сунуш; өтө муктаждарга имаратты ижарага алалы. Үчүнчү сунуш: агартуу министрлиги онлайн мектептерге уруксат беришсин» деди депутат Дастан Бекешев.

Сүрөттөн: Дастан Бекешев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты