Бүбүкан Досалиева менен коштошуу
- 6 лет мурун
- Баяндар
Белгилүү журналист, саясат таануучу, окумуштуу, педагог Бүбүкан Досалиеванын сөөгү бүгүн, 7-июлда, Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.
Аза күтүү зыйнатына үй-бүлөсү, жакындары, кесиптештери, коомчулук өкүлдөрү катышты.
Төмөндө Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин «Фейсбук» баракчасына жазган эскерүүсүн сунуштайбыз.
Элибиздин чыгаан кыздарынын бири Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жашка караган курагында көз жумган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




