Саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджети 2023-жылы 37,2 млрд сомду түздү

  • 10 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV эл аралык форумуна катышты.

“Саламаттык сактоо — негизги социалдык тармактардын бири. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр чексиз экендигин жакшы билебиз. Бүгүн биз көптөгөн кыйынчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туш болуп жатабыз. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар ар кандай оорулар менен ооруган бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө.

Ал белгилегендей, “2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы 34 млрд сомго, ал эми 2023-жылы 37,2 млрд сомду түздү”.

«Медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы менен ата мекендик адистердин медицинага келишине жагымдуу шарт түзүлдү» деди Акылбек Жапаров.

МинКаб башчысы илимий ишмердүүлүктө кадрларды даярдоонун жана дайыма билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты