Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргызстандын  Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен бирге MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров павильондо 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте 5G технологиясы боюнча биринчи сыноо өткөн.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.

Сүрөттөр: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты