“ЭКСПО 2025 – Осака”. Кыргызстан көргөзмөгө катышып, улуттук күнүн белгилейт
- 4 недели мурун
2025-жылдын 4–8-июнунда Япониянын ири мегаполистеринин бири — Осака шаарында дүйнөнүн эң ири эл аралык иш-чараларынын бири болгон “ЭКСПО 2025 – Осака” дүйнөлүк көргөзмөсү өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмөгө дүйнөнүн булуң- бурчунан көптөгөн өлкөлөр катышат, алардын катарында Кыргызстан дагы бар.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жетектеп барат. Делегация курамына маданият өкүлдөрү, чыгармачыл топтор ж.б. кирет.
Көргөзмөнүн алкагында 6–7-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү белгиленет. Бул күндөрү Японияда жашаган мекендештер, япон көрөрмандары жана көргөзмөнүн бардык катышуучулары үчүн атайын даярдалган кеңири маданий программа тартууланат.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин көөнөрбөс оозеки мурастарынын бири болгон “Манас” эпосун даңазалаган манасчылар өнөрүн тартуулашат. Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана “Үркөр” музыкалык ансамбли замандын талабына шайкеш келген, ошол эле учурда улуттук колоритти чагылдырган чыгармаларын аткарышат. Кичинекей балдардын сүймөнчүлүгүнө айланган “D Billions” тобу өз өнөрлөрүн сунушташат. Ошондой эле, “Дилбар” мода үйүнүн айымдар коллекциясынын көргөзмөсү көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, улуттук тамак-аштардын түрлөрү сунушталып, коноктор кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Көргөзмө Кыргызстан үчүн өзүнүн тарыхый, маданий жана руханий мурасын эл аралык аренада даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.