Сүрөтчү Асанбек Турумбековдун көргөзмөсү өтөт

2-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү, график жана плакатчы Асанбек Турумбековдун (1936–1987) жеке көргөзмөсү ачылат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.    

Көргөзмө 2–18-октябрь күндөрү өтүп, анда сүрөтчүнүн чыгармачылык жолунун негизги этаптарын камтыган 70ке жакын живопись жана графикалык эмгеги көрүүчүлөргө сунушталат.

Асанбек Турумбеков 1936-жылы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1955-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, 1960-жылдан тартып көргөзмөлөргө катыша баштаган. 1970-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Сүрөтчү көп жылдар бою «Чалкан» сатиралык журналында көркөм редактор болуп эмгектенген. Анын чыгармалары бир катар бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө коюлуп, 1969-жылы Москва шаарында өткөн эл аралык көргөзмөдө плакаттары күмүш медалга татыган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты