Бишкекте 5G технологиясы боюнча биринчи сыноо өттү

  • 2 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди.

Маалыматка ылайык, 5G  технологиясын киргизүү коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, керектөөчүлөргө маалымат алмашуу ылдамдыгын жогорулатып жана трафиктин көлөмүн кеңейтүүсү күтүлүүдө.

Тестирлөөгө уруксаат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноо өткөрүштү.

Жакында Кыргызстандын жашоочулары  5G технологиясын пайдалануу менен жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты