Столтенберг: Украина бардык мүчө-өлкөлөр макулдук бергенде гана НАТОго чакыруу алат

  • 10 месяцев мурун

Украинанын келечеги НАТОдо, бирок бардык мүчө-өлкөлөр макулдук берип, бардык шарттар аткарылганда гана Киевди өз катарыбызга чакырабыз. Мындай пикирин Түндүк Атлантика альянсынын башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун саммити өтүп жаткан Вильнюс шаарындагы басма сөз жыйынында билдирди.

Столтенберг Украина мүчөлүккө жакындаганын белгилеп, муну уюмдагы өлкөлөр Орусия басып киргенден бери Киевге колдоо көрсөтүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал эң негизгиси бул согушта Украинанын жеңип чыгышын камсыздоо керек экенин, ансыз мүчөлүк маселеси талкууланбай турганын айтты.

Шейшембиде Литвага баратканда Украинанын президенти Владимир Зеленский уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин чечкинсиз деп айыптаган. Саммиттин алкагында ал АКШнын президенти Жо Байден менен жолугары кабарланган.

Мурдараак Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирип, Киевдин блокко кириши альянс менен Орусиянын ачык тирешине жол ачышы мүмкүн экенин эскерткен.

Сүрөт: Йенс Столтенберг. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты