Статком: Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай расмий никесиз төрөлөт 

  • 2 года мурун

Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай расмий никесиз төрөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында айтылат.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2020-жылы жаңы төрөлгөн ар бир бешинчи наристе расмий никеси жок энелерден төрөлгөн. Алардын ичинен 15 миң бала ата-энелеринин биргелешкен арызынын негизинде каттоодон өтүшкөн. Ал эми дагы 15 миңге жакын бала энесинин арызынын негизинде каттоодон өткөн. Бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал.

Статкомдогу маалыматтарга ылайык, никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20–35 жаш курактагы энелерден төрөлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты