Стандартташтыруу жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров “Стандартташтыруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында кабарланды.
Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Маалыматта айтылгандай, мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
– стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.;
– улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор;
– стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү бул милдеттүү жана эсептик каттоо;
– стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары.
Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.
Сүрөт: president.kg




