Стамбулда Россия жана Украина сүйлөшүүлөрү бир сааттан аз убакытта өттү
- 1 год мурун
Стамбулда Чираган сарайында 23-июль күнү кечинде Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү бир сааттан аз убакытта өттү.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина тараптан Рустем Умеров жана Россия тараптан Владимир Мединский өз-өзүнчө чыгып, ЖМКга билдирүү жасашты.
Украина тараптан Рустем Умеров ЖМКга буларды билдирди:
-Россия тарапка Режеп Тайып Эрдоган жана Дональд Трамптын катышуусунда августтун аягына чейин лидерлердин жолугушуусун өткөрүүнү сунуштады;
-Украина сокку урууну толук токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого басым жасайт;
-Украина аскер туткундарын гана эмес, туткунга түшкөн жай тургундарды, балдарды бошотууда жылышты күтөт;
Россия тараптан Владимир Мединский:
-Жолугушуу (Путин менен Зеленскийдин) болуш үчүн макулдашуунун шарты жана эмне тууралуу сөз болорун алдын ала түшүнүп жана талкуулап алуу керек. Жолугушууда кол коюу үчүн гана баруу керек, баарын талкуулап отуруунун кажети жок;
-Тынчтык тууралуу берилген меморандумдарда эки тараптын позициясы “бири-биринен абдан айырмаланат”.
-Фронтто жарашууну кыска, 24-48 саатка жарыялап турууну сунуштады, бул учурда жарадарлар менен каза тапкандардын сөөгүн алып чыгып кетүүгө мүмкүн болот;
-Жакын арада ар бир тараптан 1200 аскер туткунун алмашуу. Украина тарапка андан да көп аскер туткунун беришмекчи, алар да, эгер болуп калса, аталган сандан көп аскер туткунун бериши керек;
-3 миңден ашык Украина жоокерлеринин сөөгүн берүү;
-Келишимдеги бир пункут аягына чейин аткарылган эмес, бул Курск облусунун эвакуацияланган тургундарынын баары эле үйлөрүнө кайтып келбегендиги.
-Украина тарапка үч жумушчу топ боюнча онлайн режиминде иштөө сунушу берилди, биринчи саясий, гуманитардык жана аскер маселелери боюнча.
-Россия Украинадан чыгарылып кеткен 339 баланын фамилиясын түздү, алардын айрымдары кайтарылган, калгандарын кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Сүрөт: Reuters




