Стамбулда очогунда 6,2 балл жер титирөө болгону кабарланды

Бүгүн, 23-апрелде, Стамбул шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30 да очогунда 6,2 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу  TRT Haber жергиликтүү сейсмологдорго шилтеме берип билдирди.

Андагы маалымат боюнча, силкинүү 10-15-секундга созулуп, шаардын ар кайсы аймактарында болгон. Катуу жер титирөөдөн улам, шаардыктар көчөгө чуркап чыгышканы айтылат.  

2023-жылы 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген. Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада болгон. Андан Түркияда 32 миңге жакын адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды. Жер титирөө Сириянын аймагында да болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты