Стамбулда кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө

  • 2 года мурун

«Коркут ата — Tүрк дүйнөсү» фильм фестивалынын жана Kыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгынын алкагында Түркиянын Стамбул шаарында 10-12-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын алкагында «Кызыл алма», «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Саякбай» сыяктуу тасмалар түрк көрүүчүлөрүнө сунушталды.

Стамбул шаарында алгачкы ирет уюштурулган «Коркут ата» фильм фестивалы Түркиянын маданият министрлигинин колдоосу менен өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу түрк тилдүү мамлекеттерден барган кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар катышууда.

Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышууда.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү 12-ноябрда аныкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты