Россия менен Украина сүйлөшүүлөрү 24-25-июлда Стамбулда болору күтүлүүдө

  • 12 месяцев мурун

Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү ушул жуманын аягында, 24-25-июлда Стамбулда болору күтүлүүдө. Бул тууралуу ТАСС жеке булактарынын айтуусу боюнча билдирди.

Жеке булактын айтымында, жолугушуу 24-25-июлда болушу ыктымал.

Орус-украин сүйлөшүүлөрү болору тууралуу Independent гезитинин түрк тилдүү басылмасы да жазган, алар жолугушуу келерки жумада болот деп боолголошкон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Москвага 21-июлдан 27-июлга чейин кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Анда ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн бардык аракетти жасоо керектигин билдиргн. Кремль да сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүгө макул болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты