Ислам Кызматташтык Уюму Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абалды талкуулайт
- 3 недели мурун
20-22-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясына катышуу үчүн Стамбул шаарына иш сапары менен барат.
Жолугушууларда саясий кызматташтык, мусулман өлкөлөрүндөгү кагылышуулар жана жаңжалдан кийинки кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал, исламофобия менен күрөшүү, мусулман азчылыктарынын абалы жана ИКУнун ишинин башка актуалдуу багыттары талкууланат.
Иш сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев ИКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде БУУ, ИКУ жана башка эл аралык аянтчалар алкагындагы өз ара кызматташтык маселелери каралат.