Спортчу Сейитбек уулу Мунарбек “Манас” ордени менен сыйланды
- 2 месяца мурун
Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сейитбек уулу Мунарбек сыйланды.
Бул тууралуу жарлык президенттин сайтына жарыяланды.
Ошондой эле спортчулардын арасынан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Печерских Елизавета – сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Лазарев Айаал – эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Трофимова Сардана – жеңил атлетика боюнча улуттук курама командаынын мүчөсү; Шеров Эрлан — дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү ж.б. спортчулар жана машыктыруучулар сыйланды.
Президент Садыр Жапаров эмгеги элге сиңген, бир катар көрүнүктүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Сыйлангандардын толук тизмеси бул шилтемеде.
11-августта Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттеште күмүш медаль алды.
Сүрөт: Интернет булактарынан