Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жарлыгы чыкты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров эмгеги элге сиңген, бир катар көрүнүктүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековго (каза болгондон кийин) ыйгарылды.
“Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы жазуучу Кеңеш Жусуповго жана геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетовго ыйгарылды.
III даражадагы “Манас” ордени менен акын, жазуучу Акбар Рыскулов жана Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери Абакир Мамытов сыйланды.
“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наамы киноактер Акылбек Мураталиевге, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын оркестр факультетинин деканы Чоробек Шалтакбаевге ыйгарылды.
Сыйлангандардын толук тизмеси бул шилтемеде.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg