Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

54 жаштагы Иманалиев Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты болгон. Эки жыл Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты