Өспүрүмдөрдү өзүнө тартуу менен синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин органдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналына бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргыз Республикасынын жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн.

Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда (парктар, аянттар, бак-дарактар) баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн.

Каалаган адам электрондук капчык жана банктык которуу аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашынма жерлерди колдонуусуна карабастан, КР УКМК органдары кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачууга жетишти.

Топтолгон материалдар кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын,психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатындамыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары баштоо демилгеленет.

УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты