Өспүрүмдүн бутун кесип салууга туура келген. Акыйкатчы мамлекеттик органдарды балдардын ден соолугун коргоого чакырды
- 10 месяцев мурун
- Баяндар
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жарандардын ден соолугун коргоого жана сапаттуу медициналык жардам алуу укуктарын камсыздоого чакырды.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчыга Бишкек шаарынын С.З. аттуу тургуну жашы жете элек кызынын укуктарын коргоп берүүнү жана дарыгерди жоопко тартууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ал 13 жашар кызынын майыптык алышына дарыгерлерди айыптаган.
Маалыматта айтылгандай, С.З. 2024-жылдын 11-октябрь айында 13 жашар кызынын бети шишип кеткендиктен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнө жаткырганын айтты. Кыздан баардык зарыл болгон анализдер алынып, ага “нефротикалык синдром” деген диагноз коюлган.
Кыз ооруканада эки жума дарыланган. Ооруканадан чыккандан бир жума өтпөй түнү буту катуу ооруп, тизеден ылдый муздап калган.
Аял дароо эле кызды ооруканада караган дарыгер Б.Н.га байланышып, абалды айтып берген. Бейтап кайрадан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнө жаткырылат.
Эки күндөн кийин өспүрүмдүн бутун узи-доплерден өткөрүп, “эч кандай патология жок” деп чыгарышкан. Ага бир курс кальций жазылган.
“Мен дарыгер Б.Н.дан кызымдын буту дагы эле муздак болуп турганын айтып, көңүл буруп коюусун сурандым. Ал кошумча кароодон баш тартып, алып жаткан дарылары таасир этиши керектигин айтып, “менин ишиме тоскол болбоңуз” деп койгон. Беш күн бою менин кызыма вена аркылуу кальций беришти. Бирок, так диагноз коё алышпай, кызымдын акыбалы начарлап, катуу оорудан улам уктай да, тамак да жей албай калды” деген апасы.
9-ноябрда кыз эс-учун жоготуп койгон. Ошондон кийин, башка дарыгер дарылоо туура болбой, диагноз туура эмес коюлган болушу мүмкүндүгүн билдирген. Дарыгерлер кызды кайра УЗИге жөнөтүшкөн.
УЗИ кыздын бутунда тромбоз (кан уюп калган) бар экенин аныктап, өспүрүмдү шашылыш түрдө Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургия бөлүмүнө жиберишкен.
Улуттук госпиталда ыкчам консилиум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында кан айлануу калыбына келет деген үмүт менен консервативдүү дарылоо жүргүзүү чечими кабыл алынган.
“Консилиум 10 күндүк курс менен эки дары жазып берип, бизди кайрадан буга чейин дарыланган оорукананын нефрология бөлүмүнө жөнөттү. Бирок кызымдын абалы күндөн-күнгө начарлап жатты. Буту катуу оорутуп, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди гана ичип калды” дейт эне.
Анын айтымында, кызынын салмагы 46 килограмдан 33–32 килограмга чейин түшүп, кан тамырлары дээрлик байкалбай калган.
Консилиумдан эки жума өткөндөн кийин, 25-ноябрда, кыздын буту көгөрүп кеткенден кийин гана, дарыгерлер бейтаптын бутун кесип салуу керектигин айтышат.
Аял жергиликтүү дарыгерлерге ишенбей калгандыктан, ошол эле түнү туугандарынан акча чогултуп, кызын Түркияга алып кетет.
Түркияда өспүрүмгө тромбдорду алып салуу операциясы жана бутун сактап калуу аракеттери жасалган. Бирок кеч болуп калгандыктан кыздын бутун тизеден ылдый кесүүгө туура келген. Жети ай ичинде кыз оор 10 операцияны башынан өткөргөн. Ага 60 миң доллар сарпталган.
Учурда кыздын бутуна кымбат протез керек, ал эми апасы кызын карап иштей албай олтурат.
Түркиядан кайтып келгенден кийин,аял июль айында УКМКга жана Ленин райондук прокуратурасына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысын жана башка дарыгерлерди жоопко тартуу тууралуу арыз жазган.
Ошондуктан, аял Акыйкатчыга көз карандысыз медициналык экспертиза жүргүзүүгө жана кылмыш ишин козгоого көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган.
Жамиля Жаманбаева саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигин комиссия түзүп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин диагноз коюу жана дарылоо ыкмасынын туура жана тактыгына кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
Ошондой эле,эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кыз менен энесине психологиялык жардам көрсөтүү үчүн расмий кат жолдоду.
Агартуу министрлигине кызга онлайн окутууну уюштуруу үчүн расмий кайрылуу жөнөттү.
Мындан тышкары, ИИМге да С.З.нын арызы боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын маалымдоону сурап, кат жиберилди. Анткени, УКМК бул ишти ИИМге өткөрүп берген. Азыр Ленин РИИБинде каралып жатат.
Мындан сырткары, Акыйкатчы Түркиянын Омбудсмени Мехмет Акаржага кайрылып, өспүрүмдүн оорусуна байланыштуу медициналык анализдерди жана корутундуларды алууга көмөктөшүүнү суранды.
Сүрөт: Акыйкатчы институту




