Өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.
2023-жылдын  6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылуусунда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (ыплас аракеттер) кылмыш ишин козгогон.
2023-жылдын 25-апрель күнү укуктук экспертизалардын жыйынтыгы менен кылмышка шектүү 1980-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалган. Ал Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши соттун кароосуна жөгөтүлдү.

Сүрөт: Чүй ОИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты