Өспүрүм кыз менен сексуалдык байланышка шектүүгө иш козголбой жатканына жабырлануучунун апасы даттанууда

Токтогул шаарында жашаган М.А. атттуу жаран өспүрүм кызды алдап, сексуалдык байланышка барып жүргөн деп шектелүүдө.  Бул факты боюнча кыздын ата-энеси Кара- Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө 20-июлда арыз менен кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин кылмышка шектүүгө иш козголбой жаткандыгын билдирүүдө.

14-июлда Кара-Көл шаарында 14 жашар кыз жоголуп, ата-энеси менен туугандарын дөрбөлөңгө салды. Милицияга коомчулук кошулуп издеп, дайыны чыкпай эстери оогондо, кыз өзү табылды.

«Кантип, кайда жоголуп кеттиң» деген суроолорго дароо жооп бере албаган өспүрүм акыры чынын айтты. Көрсө, аны Токтогул шаарында жашаган М.А. аттуу 26 жаштагы жаран Бишкек шаарына алдап алып кетип, сексуалдык байланышта болуп жүргөн экен.

Бул факты боюнча кыздын ата-энеси Кара- Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө 20-июлда арыз менен кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин кылмышка шектүүгө иш козголбой жатканын жабырлануучунун апасы билдирди.

“Кылмышка щектүү кармалбай, камалбай туугандарынын үйүндө жашырынып отурат, мен 25-июлда Баш прокуратурага, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына арыз менен кайрылгам, бирок алигиче эч кандай майнап чыккан жок. Аргасыздан “Сезим” борборуна жардам сурап кайрылдым” дейт жабырлануучунун апасы.

Жогоруда аталып кеткен мамлекеттик органдардан арыз ээсине жооп кайтарылып, тергөөнү создуктуруп, шектүүнүн жазадан кутулуп кетүү аракетине жол берип жаткан жергиликтүү тергөөчүлөрдүн ишине көзөмөл болот деген ишенимдебиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты