Белгилүү журналисттер Ибраим Нуракун уулу менен Бактыгүл Чыныбаева өздөрүн каралоо боюнча ИИМге кайрылды

Белгилүү журналисттер Ибраим Нуракун уулу менен Бактыгүл Чыныбаева өздөрүнө социалдык тармактарда каралоо жүрүп жаткандыгын, эч бир чет өлкөнүн чалгын агенттиктери менен кызматташпагынан билдирип, Ички иштер министри Улан Ниязбековго арыз менен кайрылды.

-Биздин сизге арыз жазып жатканыбыздын себеби, 26-августта Фейсбуктагы «Ачык Майдан», Ютубдагы “Саясат KG” баракчаларынан биздин үй-бүлөнү негизсиз каралаган, жалган маалыматтардан куралган видеолор чыгып, коомчулукка таркатылып жатат. Видеодо биздин чет өлкөлөргө шпиондук кылып, чоң өлчөмдө акча каражат алып жүргөнүбүз, Кыргызстанга чыккынчылык кылганыбыз айтылат жана балдарыбыздын сүрөттөрү, алардын окуган жерлерине чейин жалган маалыматтар камтылган,-деп жазылган арызда.

Ошондой эле видео социалдык түйүндөргө кеңири тарап, өздөрүнө гана эмес, майыптуулугу бар уулуна да шек келтирип жатышкандарга чара көрүү өтүнүчү да айтылат:  

-Узактыгы 5 мүнөттөн ашык бул видеону ушул тапта айрым мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Коомдук телеканалдын журналисттери баш болуп байма-бай социалдык түйүндөргө таркатып, бизге эле эмес, майыптуулугу бар уулубуздун аброюна да шек келтирген комментарийлерди жазышууда. Бул видеону таркаткан социалдык баракчаларга жана аны коомчулукка жайылтып, бизге карата каралоолорду таркатууга көмөк түзгөн мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүүсүн суранабыз, -деп билдирди аталган журналисттер арызында.   

Алар эч кандай чет өлкөнүн чалгын агенттиктери менен кызматташпаганын белгиледи:  

-Биздин журналисттик, коомдук ишмердүүлүк ар дайым ачык болуп келген. Эч кандай чет өлкөнүн чалгын агенттиктери менен кызматташкан эмеспиз жана чоң каражат алган эмеспиз. Муну биздин жыл сайын тапшырган салык декларациябыздан деле текшерип таба аласыздар. Мыйзам чегинде териштирүү жүрүп, жалган маалымат таркаткан баракчаларга жана жарандарга чара көрүүңүздөрдү өтүнөбүз, -деди арызда алар.

Буга чейин социалдык тармактарда Ибраим Нуракун уулу чет өлкөлүк чалгын агенттиктери менен кызматташып, ир өлчөмдөгү акча алып турары камтылган видео тасма тараган.

Белгилей кетсек, Ибраим Нуракун уулу менен Бактыгүл Чыныбаева белгилүү журналисттер, жубайлар. Ибраим Нуракун уулу көп жылдар бою Улуу Британиянын Би-би-си телерадиокорпорациясыда, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын көп жылдар бою жетектеген. Жогорку Соттун төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Бактыгүл Чыныбаева — белгилүү журналист, медиа адис, котормочу жана илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жана Лондондогу Кэмбридж академиясынын бүтүрүүчүсү. Борбор Азиядан биринчилерден Knight-Wallace Journalism Fellowship программасынын стипендиаты болгон. Бактыгүл Чыныбаева Мичиган университетинин магистратурасында окугандыгына байланыштуу жубайлар азыркы учурда Америка Кошсо Штаттарында жашайт.

Сүрөттө: Белгилүү журналисттер Ибраим Нуракун уулу жана Бактыгүл Чыныбаева. Социалдык тармактан.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты