Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу аз болууда.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын 10-августтагы жыйынында айтылды.
2026-жылы жылы республика боюнча электр энергияны керектөө көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө, анын 15,5 млрд кВтс өзүбүздөн иштелип чыкса, калган 4,1 млрд кВтс дефицит импорттолот. Ал эми, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу аз болууда.
Жогорудагы маселелерге байланыштуу электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылып, гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин графике ылайык бүткөрүү керектиги белгиленди.
Ал эми 2026-2027-жылга мазут – 45,5 миң тонна, көмүр – 3 408,5 миң тонна керектелет. Кампаларга графикке ылайык тийиштүү көлөмү жеткирилген, ошондой эле тендерлер өткөрүлүп келишимдер түзүлүүдө.
Мындан тышкары 2026-жылга газдаштыру жана долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: «Электр станциялары»




