СOVID-19: Өлкөдө 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды

  • 1 год мурун

Сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда саламаттык сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.

Саламаттык сактоо министрлиги вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган республиканын бардык жарандары ала алаарын билдирди.

Бустердик дозаларды Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген вакциналар менен алса болот. Бүгүнкү күнү өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү санда.

Саламаттык сактоо министрлиги бардык каалоочуларга 2-бустердик дозаны колдонуу чечимин кабыл алды.  Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты