Соттун чечимине байланыштуу жаран өзүн өрттөөгө аракет кылган. Прокуратуранын билдирүүсү
- 3 недели мурун
Башкы прокуратура кечээ, 20-январда, Бишкекте укук коргоо органдарына нааразылыгын билдирип, өзүн өзүн өрттөөгө барган жарандын окуясы боюнча билдирүү таратты.
“Аталган жарандын дооматтары тууралуу белгилей кетсек, Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 000 АКШ доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген. Бирок, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.-ди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон. Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет. Мындан тышкары, Бишкек ШИИББында А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 000 АКШ долларына алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө” деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратуранын имаратынын алдында 20-январда М.Э.А. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген күйүүчү майды чачып, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Аталган жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан