Башкы прокуратуранын алдында бир киши өзүнө өрт койду
- 2 года мурун
Башкы прокуратуранын алдында бир киши өзүнө өзү өрт койду. Бул тууралуу активист Ыргалай Бекмуратова Фейсбук баракчасына жазды.
Бул тууралуу маалыматты “Тез жардам” кызматы журналисттерге ырастады.
Маалымат боюнча, өзүнө өрт койгон киши ага эч ким жардам бербей жатканын айткан. 2023-жылдын сентябрь айында 520 миң долларга бирөөдөн үй сатып алган. Аны документтештирүүдө үй камакта экени белгилүү болуп, үйдү алып коюшкан. Акыйкат издеген киши укук коргоо органдарына кайрылса, алар ишти жаап салганы айтылды.
Сүрөт: Соцтармактагы видеодон алынды
Муну бөлүшүү




