Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Сатыевге сөгүш бергени белгилүү болду
- 4 недели мурун
Судьялар кеңеши ушул жылы 24-январда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге тартиптик жаза колдонуу чечимин кабыл алганы 25-мартта белгилүү болду.
Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы ЖМКга ырастады.
Медербек Сатыевден тышкары Ош облсотунун төрагасы Мирлан Боромбаевге жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго тартиптик жаза колдонуу чечими кабыл алынган.
Бул боюнча материалдарды Судьялар кеңешине президенттик аппарат бергени кабарланды.
24 kg агенттиги андагы материалдар боюнча Ош жана Жалал-Абад облустук сотторунун төрагалары жана Сузак райондук сотунун төрагасы Жогорку соттун өкүлдөрүнүн барышына байланыштуу өз демилгелери менен отелдеги түнөгү жана тамагы үчүн акча чогултушканын жазды.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев акча чогултуу боюнча облустук соттун төрагаларга эч кандай тапшырма бербегенин билдирген.
Ош облсотунун төрагасы Жогорку соттун делегациясынын “Жаннат” отелинде түнөшү үчүн өз демилгеси менен 150 миң сом чогултуп, отелдин администрациясына бергендигин айткан.
Жалал-Абад облсотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу 2024-жылдын 14-январында президенттин жарлыгы менен өз каалоосу боюнча кызматтан бошотулуп, ошол себептүү ага сөгүш берилген эмес.
Буга чейин социалдык тармактарда Медербек Сатыевге тартиптик жаза колдонулганы тууралуу Судьялар кеңешинин чечим кабыл алганы тууралуу маалымат тараган.
2024-жылы декабрь айында Жогорку соттун төрагасы Медербек Матыев баштаган өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад облустук сотторунун ишин текшерүүгө барышкан.
Сүрөттө: Медербек Сатыев. Интернет булактарынан