Сот Жоомарт Карабаевге айып салып, үч жыл пробация режимин берди
- 1 год мурун
Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши боюнча чечим чыкты.
Биринчи май райондук соту Жоомарт Карабаевге коюлган эки берене берене боюнча күнөөлүү деген чечим чыгарды, 327-берене боюнча айыптуу деп таап, 50 миң сом айып салынды, 278-берене боюнча 5 жылга эркинен ажыратуу, анын 3 жылын пробация режиминде өтөө. Ошону менен Жоомарт Карабаев пробация көзөмөлүнө чыгарылды.
Бул тууралуу Жоомарт Карабаевдин адвокаты Акмат Алагушев билдирди.
Адвокаттар Акмат Алагушев жана Акынбек Ногоев сот чечимине макул эместигин билдирди. Чыккан өкүмдөр
Бүгүн сотто Жоомарт Карабаев эч убакта башаламандыкка чакырбаганын айтып, соттон актоо чечимин чыгарып берүүнү өтүнгөн.
«Мен эч убакта өлкөнү башаламандыкка чакырган эмесмин. Өлкөнүн өнүгүшүн, кубаттуу болуп өнүгүшүн, демократиялык мамлекет болушун каалайм. Мен бийлик өкүлдөрүнө оппонент болгудай саясатчы эмесмин. Мен актоо чечимин гана күтөм. Мени толугу менен актоо чечимин чыгарып берүүңүздү күтөм» деди Жоомарт Карабаев сот чечим чыгараар алдында.
2024-жылы 31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарган.
Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы тарабынан массалык башаламандыкка үндөө жана бийликти басып алуу боюнча политологиялык экспертиза жүргүзүүдө мыйзам бузуу жана экспертиза чыгарууда басым жасалганын айтып келген.
Жоомарт Карабаевге кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган. Ал Бишкектеги убактылуу камак жайында 4 айдан ашык камакта отурган жана эч жакка кетпөө кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.
Сүрөт: Сот залынан. 27-май 2025-жыл «ПолитКлиника»




