Жоомарт Карабаев: «Мен актоо чечимин гана күтөм»

Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши каралууда. Ага өкүм чыгары күтүлүүдө.

Жоомарт Карабаев сотто актоо чечимин күтөөрүн билдирди:

-Мен эч качан мыйзам, тартиптерге каршы чыккан эмесмин, шектүү катары милиция босогосун да аттап көргөн эмесмин. Мага ата-энем, бир туугандарым мыйзамсыздыкка көз жумбаганга, мыйзамдын алкагында гана аракет кылууга тарбиялаган. Менин кулк-мүнөзүм ошого калыптанып калган. Мен бирөөгө жагалданганды билбейм, бирок мыйзамсыз иштерди көрсөм, дароо аны ачыктайм. Мыйзамды жаап-жашыруу кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесине ылайык, кылмыш болуп эсептелет. Менин аракеттерим Конституциянын алкагынан жана кылмыш-жаза кодексинин мыйзамдарынан чыккан эмес. Бирок мен сотторумда ушул азыркы учурдагы укук бузуулар кодексинин редакциясына ылайык, кимдир-бирөөнө, жогорку бийликтегилерге шек келтирип коюшум мүмкүн, ал үчүн жоопкерчилик тартууга даярмын. Бирок мен кылмыш жазасына алына турган эч бир аракет көргөн эмесмин, урматтуу төрагалык кылуучу ушуларды эске алууңузду өтүнөм. Мектепте, жогорку окуу жайында жана аспирантурада окуп, 20 жыл убактымды жумшагам, аларды мен артыкчылык диплому менен бүтүргөм, мага запастагы офицер деген аскердик күбөлүк берилген. Анан кылмыш куугунтугуна кабыла турган эмес аракеттерим үчүн дискриминация болбошум керек. Мен эч убакта өлкөнү башаламандыкка чакырган эмесмин. Өлкөнүн өнүгүшүн, кубаттуу болуп өнүгүшүн, демократиялык мамлекет болушун каалайм. Мен бийлик өкүлдөрүнө оппонент болгудай саясатчы эмесмин. Мен актоо чечимин гана күтөм. Мени толугу менен актоо чечимин чыгарып берүүңүздү күтөм, -деди Жоомарт Карабаев.  

Сотто Нурдин Ибраимов төрагалык кылууда. Ал эми Жоомарт Карабаевдин адвокаттары — Акмат Алагушев менен Акынбек Ногоев.           

2024-жылы 31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарган.

Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы тарабынан массалык башаламандыкка үндөө жана бийликти басып алуу боюнча политологиялык экспертиза жүргүзүүдө мыйзам бузуу жана экспертиза чыгарууда басым жасалганын айтып келген.

Жоомарт Карабаевге кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган. Ал Бишкектеги убактылуу камак жайында 4 айдан ашык камакта отурган жана эч жакка кетпөө кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Сот залынан. 27-май 2025-жыл «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты