Сот Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну камакка алды

  • 2 месяца мурун

Сот тарабынан Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу камакка алынды. Бул тууралуу Soz Sakaraya билдирди.

Буга чейин сот мэрдин кеңешчиси Мурат Онгунду да камаган.

Имамоглу 19-мартта коррупцияга шектелип кармалган. Ошондой эле андан башка дагы 100 кишини коррупцияга шектүү катары камоого ордер берилип, алардын дээрлик көбү камакка алынган.   

Шаардын мэри Экрем Имамоглу коррупцияга тиешеси жок экенин, мунун баары шылдыңдоо деп эсептеп, күрөштү уланта берээрин айткан.  

Түркиянын республикалык элдик партиясы тынч түрүндөгү каршылык акциясына чыгышты, жума күнү каршылык акциясына катышкан 343 киши милиция тарабынан кармалган.

Экрем Имамоглу Стамбул шаарын 2019-жылдан бери башкарат. Оппозиция өкүлдөрү республикалык элдик партиядан 2023-жылы анын талапкерлигин президенттикке көрсөтүүнү караштырып жаткан, бирок ал кезде республикалык элдик партиядан Кемал Кылычдароглу көрсөтүлгөн. Кылычдароглу Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы болгон, ал президенттик шайлоодо 48%, ал эми Эрдоган 53% добуш алган.  

Сүрөт: Экрем Имамоглу. Reuters 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты