Сот Шайырбек Ташиевдин ишин кыскартканы белгилүү болду

  • 2 года мурун

Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиев, Жеңишбек Токторбаевге жана дагы эки адамга козголгон кылмыш ишин кыскартты. Соттун тиешелүү токтому быйыл 21-февралда чыкканы 15-мартта белгилүү болду.

Маалыматты Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Аларга 2013-жылы мурдагы кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» жана «Бийликти күч менен тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» деген беренелер менен айып тагылган. Мамлекеттик айыптоочу ишти кыскартуу боюнча оозеки өтүнүч берип, сот аны канааттандырган.

Жогорку сот 2021-жылдын 24-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев, өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев, жердеши Жеңишбек Токторбаев жана Медербек Үсөнов боюнча мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөткөн. Сот бул чечимге «маанилүү процессуалдык бузуулар» негиз болгонун билдирген.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор камалганда алардын тарапташтары Жалал-Абадда митингге чыгышкан. Акция учурунда митингчилер Бишкек — Ош жолун тосуп, облустук администрациянын имаратын басып алган окуя катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул окуяга байланыштуу сөз болуп жаткан төрт адамга кылмыш кодексинин «массалык башаламандык» жана «бейбаштык» беренелери менен үч жыл шарттуу жаза мөөнөтү берилген. Алар коюлган айыпты моюнуна алышкан эмес.

Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдын октябрь айынан бери президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келатат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты