Сот Франциянын экс-президенти Николя Саркозини беш жылга эркинен ажыратты
- 2 месяца мурун
Париждин соту Франциянын мурдагы президенти, 70 жаштагы Николя Саркозини беш жылга эркинен ажыратты. Мындай чечимге 2005-2007-жылдары Саркозинин шайлоо кампаниясы Муаммар Каддафи жетектеген Ливиянын өкмөтү тарабынан каржыланып, кылмыштуу келишимге барган деген айып тагылды.
BFM TV соттун өкүмүн аткаруу кийинкиге калтырылганын жазса, Le Monde басылмасы мурдагы президент Саркозиге 100 миң евро айып салынганын кошумчалады.
Ал эми мамлекеттик каражаттарды уурдоо, шайлоо кампаниясындагы финансылык тартип бузуулар боюнча Николя Саркози күнөөсүз деп табылды.
Прокуратура Франциянын мурдагы президентин жалпысынан 7 жыл эркинен ажыратууну өтүнгөн.
2007-2012-жылдары Николя Саркози Франциянын президенти болгон. Андагы президент Саркози 2011-жылы Ливиядагы аскер интервенциясынын активдүү жактоочуларынын катарында эле, анда Каддафиге каршы көтөрүлүш чыгып, анын бийлиги кулатылган, ал эми өзүн өлтүрүп салышкан.
Сүрөт: Reuters




