Сот департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы кармалды
- 8 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан облустук сотту жаңы имаратка көчүрүү, эмеректерди демонтаждоо жана кураштыруу ж.б. чыгымдарга байланыштуу расмий тендерлерди өткөрүү учурунда бул максатка багытталган акча каражаттары афилляцияланган фирмаларга которууга, андан ары накталай акчага айландырууга шектелип, Жалал-Абад облусунун сот департаментинин башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Ошондой эле 2025-жылдын февралында эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.З.С. тарабынан сот департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө табылган мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн ал сот департаментинин жетекчисинен акча каражатын алгандыгы аныкталды. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчиси кол алдындагылардан акчалай каражаттарды бонустук төлөмдөрдү формалдуу эсептөө аркылуу чогулткан. Жеке аудиторлорду тартуу менен жүргүзүлгөн кошумча текшерүүдө Сот департаментинин кызматкерлери тарабынан 7 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды” деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. жана Эсептөө палатасынын инспектору Ж.З.С. кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




