Сот Аламүдүн районунун прокурорун эки айга гаупвахтага камакка алуу чечимин чыгарды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиевди 18-майга чейин Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына, гауптвахтага камакка алды.
Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан пара опузалоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А. кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А., жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган.
Сүрөт: Кармоо учурунда УКМК тараткан