Аламүдүн прокурору Аскер прокуратурасынын гаупвахтасына камакка алынды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан пара опузалоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А., жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорун УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте кармагандыгы айтылды.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы