“Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөө алынды

  • 1 месяц мурун

Жайыл районундагы «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 25-мартта, саат 09:30да алынды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Кечээ, 24-мартта Бишкек–Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал”постуна саат 23:45те, «Сосновка» постуна саат 22:25те жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты