“Сосновка” өткөрмө пунктуна убактылуу чектөө киргизилди
- 9 месяцев мурун
Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун «Сосновка» өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 2-октябрда, саат 16:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМ зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып турууну сунутайт.
Кырсык катталган учурда “112” кызматына токтоосуз билдириңиз.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




