“Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
- 2 месяца мурун
Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-декабрда, саат 12:30да алынганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
Буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 07:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү