“Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 3-мартта саат 06:10дон тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мындай чечим унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты