“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты