“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды
- 2 года мурун
Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө киргизилген. Бүгүн, 16-декабрда саат 09:30дө ал чектөө алынды.
Кечээ, 15-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 19:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




