“Сосновка” постунда бардык унааларга чектөө киргизилди  

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 1-декабрда, Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 10:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-2-декабрда, Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоолуу жолдор тайгак болот.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты