1-декабрь: Аба ырайы кескин өзгөрөт
- 2 месяца мурун
1-2-декабрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоолуу жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү